АКШ кыргызстандыктар үчүн визанын мөөнөтүн узартууну карап жатат — элчи Лесли Вигери

Вашингтон КРнын жарандары үчүн визанын мөөнөтүн узартуу маселесин карап жатат. Бул тууралуу кечээ, 16-октябрда АКШнын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Лесли Вигери Жогорку Кеңештин АКШ менен парламенттик достук тобунун өкүлдөрү Акылбек Түмөнбаев, Балбак Түлөбаев, Карим Ханджеза, Эмил Токтошев менен жолугушууда билдиргенин парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын жарандарына америкалык визаларды берүү маселелерине токтолгон депутат Эмил Токтошев КРнын жаштары АКШга билим алуу жана туризм максатында барууга кызыкдар экенин баса белгиледи.

"Тилекке каршы, биздин жарандар виза алууда бир катар көйгөйлөргө туш болушууда, атап айтканда, виза бербей койгон учурлар көп болууда", — деп баса белгилеген парламентарий Кыргызстандын жарандары үчүн виза алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү маселесин кароо зарылдыгын белгиледи.

Америкалык дипломат өз кезегинде дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн алкагында эки өлкөнүн ортосундагы, атап айтканда, экономика, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы мамилелерди өнүктүрүүгө басым жасоо ниетин билдирди.

"Биз парламенттер аралык байланыштарды чыңдоого кызыкдарбыз", — деген Лесли Вигери КР Тышкы иштер министрлиги виза берүү маселеси боюнча АКШга кайрылганын, учурда Вашингтон бул маселени иликтеп жатканын кошумчалады.