Кара-Суу районунда 225 орунду мектеп курулду

Ош облусун Кара-Суу районунун Керме-Тоо айылында мектеп ачылды. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы 225 орундуу заманбап чоң мектепти курууга республикалык бюджеттен 83 млн сом жумшалып, бардык шарттары түзүлүп, анын ичинде спорт зал, 75 орундуу залы, ашканасы менен кошо кыздар үчүн кийим тигүүчү машиналар, балдар үчүн кол эмгек сабагынан станоктор орнотулганын белгилеп, эми балдардын билим сапатына катуу көңүл буруу зарылчыгына токтолду.

“Мектептин жаңы имараты гана эмес, бизге мектептин Чыңгыз Айтматов айткандай, “Таланттуу мугалим менен таланттуу балдардын кездешкен жери – мектеп” болгону абдан маанилүү”-деди Акылбек Жапаров.