Таластын башчысы Жерүй алтын кенине барды

КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев 2024-жылдын 10-августунда Жерүй алтын кенине барды. Бул тууралуу «Альянс Алтын» ишкансынын маалымат кызматы билдирди.

Анда облус башчысы кендин бүгүнкү абалын жана аны иштетип жаткан «Альянс Алтын» компаниясынын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып, алтын ылгоодогу экологиялык талаптардын сакталышын жана жумушчуларга түзүлгөн заманбап шарттарды жеринде көрдү.

Буга кошумча Талас облусундагы көйгөйлөрдү чечүүдө «Альянс Алтын» компаниясы менен «Альянс Алтын» өнүктүрүү фондунун каржылык колдоолору боюнча кеңири маалымат алды. 

Өз кезегинде Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев «Альянс Алтын» компаниясынын жалпы ишмердүүлүгүнө  ийгилик каалады. Жыйынтыгында облус башчысы Таласты өнүктүрүүдө Жерүй кенинин пайдасы зор экендигин белгилеп, жетекчилер менен инвесторлорду биргеликте иш алып барууга чакырды.