> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду Таластын чек арачыларына жардам берди
- URL: https://im.kg/all/2025/01/14/alians-altyn-onukturuu-fondu-talastyn-chiek-arachylaryna-zhardam-bierdi/
- Published: 2025-01-14T06:57:51.000Z
- Updated: 2025-01-14T06:57:51.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

Талас облусундагы «Чоң-Капка-автожол» көзөмөл өткөрмө пунктунда реконструкциялоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу «Альянс Алтын» өнүктүрүү фондунун басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, 2017-жылы фонддун каржылык колдоосу менен кыргыз-казак чек арасында жайгашкан «Чоң-Капка-автожол» көзөмөл өткөрмө пунктунда реконструкциялоо иштери жүргүзүлгөн. 

> Алсак заманбап үлгүдөгү стелла тургузулуп, чек-аранын кире беришиндеги структуралык арканын эки бетине кечкисин жануучу “Кыргыз Республикасы”, “Сапарыңыздар байсалдуу болсун” жазуулары илинген. Аталган долбоорго фонд тарабынан 2 097 209 сом жумшалган. 

Стратегиялык объектилерди коргоо жана террордук коркунучтардан сактануу максатында фонд тарабынан 2023-2024-жылдары Талас районундагы Бүргө баатыр атындагы Арал чек ара заставасынын тосмолорун жаңыртууга 500 миң сом каражат бөлүнгөн. Буга кошумча Көк-Ой айылында жайгашкан чек ара кызматынын 20 29 аскер бөлүгүнүн тегерегин курчоого 130 миң сом сарпталган. 

Бүгүнкү күндө фонд тарабынан «Чоң-Капка» өткөрмө пунктунун оңдоп-түзөө иштерин колдоо кайрадан уланып, андагы мамлекеттик символдорду жаңыртууга, өткөрмө пунктагы эшиктерди алмаштырууга жана аскербөлүктүн тегерегин жарыктандырууга 434 миң сом каражат бөлүндү.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/01/472735612_1035226991983160_7722888022011666022_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/01/473144527_1035227031983156_7797305709528613093_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/01/473342331_1035227078649818_3886911576296093331_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/01/473621852_1035227065316486_2307472196097879210_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/01/473628530_1035227041983155_6188899274183620048_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/01/473656399_1035227035316489_1653093284452168926_n.jpg)