> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Альянс Алтын» жыл башынан бери бюджетин 9.4 млрд сомго толуктады
- URL: https://im.kg/all/2025/09/12/alians-altyn-zhyl-bashynan-bieri-biudzhietin-9-4-mlrd-somgho-toluktady/
- Published: 2025-09-12T11:50:00.000Z
- Updated: 2025-10-02T08:14:02.000Z
- Author: Ишкер Media

**2015-жылдан 2025-жылдын август айына чейин «Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине жалпы 33 миллиард 766 миллион сом которду. 2025-жылдын алгачкы сегиз айынын ичинде эле салыктык төлөмдөр 9 миллиард 429 миллион сомду түздү, анын ичинен август айында 1 миллиард 746 миллион сом болду. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди.**

«Альянс Алтын» компаниясы аймактарды өнүктүрүүгө активдүү салым кошуп келет. Компания тарабынан «Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана кармоого карата өндүрүлгөн продукцияны сатуудан түшкөн каражаттан 2%» берененин негизинде жергиликтүү фонддорго каражат которулат:

Аталган берененин негизинде 2021-жылдын апрелинен 2025-жылдын август айына чейин жалпысынан 2 миллиард 241 миллион сом которулган

Бул каражаттар төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:

\- Талас облусун өнүктүрүү фондуна (50%) тактап айтканда - 1 миллиард 120 миллион сом, анын ичинен 2025-жылдын январь–август айларында- 277 миллион сом, акыркы айда- 53 миллион сом;

\- Талас районун өнүктүрүү фондуна (30%) башкача айтканда - 672 миллион сом, анын ичинен 2025-жылдын январь–август айларында — 166 миллион сом, акыркы айда — 32 миллион сом;

\- Шумкар-Уя айыл аймагын өнүктүрүү фондуна (20%) – 448 миллион сомду тузсо, анын ичинен 2025-жылдын январь–август айларында -111 миллион сом, акыркы айда- 21 миллион сом.

Компаниянын жалпы экологиялык төлөмдөрү бүгүнкү күндө 471 миллион 790 миң сомду түздү, алардын ичинде:

\- Рекультивациялык фондго- 77 миллион 262 миң сом;

\- Жер үстүндөгү сууларды пайдалануу үчүн- 143 миллион 504 миң сом;

\- Экологиялык эмиссиялар үчүн- 251 миллион сом.