> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын табигый азыктарынын көргөзмөсү Японияда болду
- URL: https://im.kg/all/2025/10/07/kyrghyzstandyn-tabighyi-azyktarynyn-korghozmosu-iaponiiada-boldu/
- Published: 2025-10-07T08:54:44.000Z
- Updated: 2025-10-07T08:54:44.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: #Жаңылыктар, Коом

ЭКСПО-2025 көргөзмөсүнүн алкагында Кыргыз Республикасы Япониянын Осака шаарында тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча тематикалык иш-чара өткөрдү.

> КРнын Президентинин расмий сайтында маалымдалгандай, ишчаранын жүрүшүндө, туруктуу экотуризмди, геопарктарды өнүктүрүү, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, тоодогу мөңгүлөрдүн эриши, табигый кырсыктар жана башка тоолуу жамааттарды колдоо маселелери талкууланган.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/02.jpeg)

Мындан сырткары Кыргызстандан келген тоо продукцияларынын көргөзмөсү уюштурулуп, япон элине тоонун балы, кургатылган жемиштер жана башка Кыргызстандын тоолуу аймактарында өндүрүлгөн табигый азыктар сунушталып, алардын даамы жогору бааланган.