> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Россия Кыргыз товарларына көзөмөлдү күчөттү
- URL: https://im.kg/all/2025/10/09/rossiia-kyrghyz-tovarlaryna-kozomoldu-kuchottu/
- Published: 2025-10-09T06:45:56.000Z
- Updated: 2025-10-09T06:45:56.000Z
- Author: Ишкер Media

**Россиянын Федералдык бажы кызматы кыргызстандык сертификаты бар товарларга көзөмөлдү күчөткөнүн “Логистика 360” журналы маалымдады.** 

Маалыматта Россия бажы кызматы кыргызстандык товарларды бул өлкөгө киргизүүдө товардын үлгүсүн сыноодон өткөрүү үчүн киргизүү бажы декларациясын жана башка кошумча документтерди сурай башташкан. 

> “Кыргызстанда Бажы биримдигинин техникалык регламент сертификатын товардын үлгүсүн текшертпей туруп алса болот. Ошондуктан талап кылынган декларацияны ал жактан бере алышпайт. Мындай көзөмөлдү күчөтүү президент Вдадимир Путиндин 2026-жылдын январына чейин чет өлкөлүк сертификаты бар продукцияларды киргизүү эрежелерин карап чыгуу тапшырмасына байланыштуу болгон. 

> Rocket Cargoнун маалымдашынча, үлгүсү текшерилген товар менен үлгүсү текшерилбеген товардын баасында чоң айырма болушу мүмкүн.