> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 9 айда Социалдык фондго пенсия маселеси менен 10 миңден ашык кайрылуу болду
- URL: https://im.kg/all/2025/10/10/9-aida-sotsialdyk-fondgho-piensiia-masieliesi-mienien-10-mindien-ashyk-kairyluu-boldu/
- Published: 2025-10-10T11:10:11.000Z
- Updated: 2025-10-10T11:10:11.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: #Жаңылыктар

2025-жылдын январь-сентябрь айларында КР Социалдык фондунун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгына 5922 кайрылуу келип түштү. Социалдык фонддун расмий баракчасында маалымдалгандай, бул кайрылуулар жазуу, оозеки, ишеним телефондору аркылуу жана жеке кабыл алуу учурунда гана болгон.

Мындан сырткары уюлдук ишеним телефондору жана Колл-борборуна келип түшкөн кайрылуулар 15 миңге жеткен. Жарандарды көбүнчө төмөнкү маселелер кызыктырган:

> · Пенсияга болгон укуктар;

> · Пенсияларды индексациялоо;

> · Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу;

> · Пенсиялардын өлчөмүн кайра эсептөө;

> · Пенсиянын топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолорун чектөө жана төлөө;

> · КР Социалдык фонддун ишмердүүлүгү ж.б;

Социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө келип түшкөн бардык суроолорго мамлекеттик жана расмий тилде жооп берилип турат.