> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КРнын Финансы министрлиги сынак жарыялайт
- URL: https://im.kg/all/2025/10/13/krnyn-finansy-ministrlighi-synak-zharyialait/
- Published: 2025-10-13T06:01:18.000Z
- Updated: 2025-10-13T06:01:18.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: #Жаңылыктар, Экономика

КРнын Финансы министрлиги 2025-жылдын IVчейрегинде мамлекеттик сектордогу **ички аудитордун квалификациялык сертификатын алуу укугуна** сынак өткөрүү жөнүндө жарыялайт. Министрликтен кабарлагандай, квалификациялык сынактын датасы - 2025-жылдын 22-октябры. Андыктан, мамлекеттик сектордогу ички аудитордун квалификациялык сертификатын алууну каалагандар сынакка катышуу үчүн документтерди тапшырышы керектелет.

 Квалификациялык экзаменге кирүүгө уруксат берүү үчүн талапкерлер төмөнкү документтерди Финансы министрлигине тапшырат:

> 1\. квалификациялык сынакка кирүүгө уруксат берүү жөнүндө арыз;

> 2\. паспорттун көчүрмөсү;

> 3\. ЖОЖ дипломдун көчүрмөсү;

> 4\. экономикалык иш стажысын тастыктаган эмгек китепчесинин көчүрмөсү;

> 5\. 3x4 өлчөмүндөгү эки сүрөт.

> 6\. ушул чөйрөдөгү мамлекеттик орган тарабынан берилген, соттолбогондугун күбөлөндүрүүчү документ.

**Эскертүү:** Ички аудитордун квалификациялык сертификатын алуу укугуна сынак мамлекеттик сектордо ички аудиторду сертификациялоо жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлөт.