> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# М. Тургунбаев: Климаттын өзгөрүшү каржы системасына таасир этет
- URL: https://im.kg/all/2025/10/13/m-turghunbaiev-klimattyn-ozghorushu-karzhy-sistiemasyna-taasir-etiet/
- Published: 2025-10-13T09:59:29.000Z
- Updated: 2025-10-13T09:59:29.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: #Жаңылыктар, Экономика

Климаттын өзгөрүшү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнө гана эмес, өлкөнүн каржы системасына да көбүрөөк таасирин тийгизет. КРнын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаевдин социалдык баракчасында калтырган билдирүүдө, кургакчылык же нөшөрлөгөн жамгыр бааларга, фермерлердин кирешесине жана кредиттик суроо-талапка таасир этээри айтылган.

> “Улуттук банк инфляция жана валюта курсунун серпилүүсү менен катар эле климаттын бузулушун негизги тобокелчилик катары эсептейт. Ушуга байланыштуу, 2026-жылга чейин банктар кредиттөөдө климаттык тобокелдиктерди эске алып, “жашыл” финансылык продуктыларды өнүктүрүүгө милдеттүү, - дейт М.Тургунбаев.

 Ошондой эле КРУБ төрагасы ПРООН жана Кыргызстандын Жашыл Климат Фонду биргелешип, «жашыл» кредиттөө жана аба ырайына байланыштуу камсыздандыруу системасын түзүп жаткандыгын билдирген.