> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 79,20 млн сом жеңилдетилген кредит каржыланды
- URL: https://im.kg/all/2025/10/16/79-20-mln-som-zhienildietilghien-kriedit-karzhylandy/
- Published: 2025-10-16T11:02:28.000Z
- Updated: 2025-10-16T11:02:28.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: #Жаңылыктар, Экономика

Майда товардык өндүрүштү ирилештирүү процессине дем берүү жана бириккен айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүү жолу менен мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы тескемеси менен “Бириккен товар өндүрүүчүлөрүн каржылоо” долбоору бекитилген. 

> Финансы министрлигинен кабарлашкандай, аталган долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору катышууда. Аларды кредиттөөнүн көлөмү 2 200,0 млн. сом суммасын түзөт. 

2025-жылдын 2-октябрына карата бул Долбоордун алкагында республика боюнча 12 каржылоо субъекттерине 79,20 млн. сом суммасында жеңилдетилген кредит каржыланды.