> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Контрафакттык алкоголдук продукция чыгарган кампа аныкталды
- URL: https://im.kg/all/2025/10/16/kontrafakttyk-alkogholduk-produktsiia-chygharghan-kampa-anyktaldy/
- Published: 2025-10-16T07:13:31.000Z
- Updated: 2025-10-16T07:13:31.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: #Жаңылыктар, Коом

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы контрафакттык алкоголдук продукцияларды өндүргөн цехти аныкташты.

> Аталган кызматтан маалымдагандай, цехти текшерүү учурунда эски үлгүдөгү жана шектүү акциздик маркалар, куюу үчүн бош идиштер, капкактар жана белгилүү алкоголдук продукциялардын этикеткалары табылган.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, бул цехте даярдалган продукция жергиликтүү базарларда таратылып, сатылып келген.

Салык кызматкерлери жеринде тиешелүү актыларды түзүп, материалдар юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берет.

Видео материалга шилтеме: <https://www.youtube.com/watch?v=1G9eZ6X8dt0>