> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Күйүүчү майга болгон баалар өсүп жатат
- URL: https://im.kg/all/2025/10/17/kuiuuchu-maigha-bolghon-baalar-osup-zhatat/
- Published: 2025-10-17T11:21:30.000Z
- Updated: 2025-10-17T11:21:30.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: #Жаңылыктар, Коом, Экономика

Август айынан бери Россияда бензин менен дизель майынын баасы көтөрүлүп баштаган, эми мындай көрүнүш Кыргызстанга да келип жетти. Мындай маалыматты Кактус медиа маалымат булагы Россиянын статкызматына шилтеме берүү менен жарыялады.

> Росстаттын маалыматы боюнча, 6-октябрдан 13-октябрга чейин Россияда бензиндин орточо чекене баасы литрине 64,82 рублди (мурунку жумага караганда 0,76%га өскөн), ал эми дизель майы 73,24 рублди (бир жумада 0,41%га өскөн) түзгөн.

Кыргызстанда учурда АИ-92 үлгүсүндөгү бензин орточо эсеп менен 1 литри 74,4 сом, ал эми дизель майы 78,8 сомдон сатылууда. Акыркы жарым жылда күйүүчү майдын ар бир түрү 10 сомго кымбаттады.