> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу
- URL: https://im.kg/all/2025/10/17/uluttuk-diem-duinoluk-biiiktik-unghuzholu/
- Published: 2025-10-17T11:54:12.000Z
- Updated: 2025-10-17T11:54:12.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: #Жаңылыктар, Коом

Көз карандысыз Кыргызстанды жакынкы жылдары өнүккөн, күчтүү, дүйнөлүк бийиктиктерге жеткен мамлекетке айландыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолу жөнүндө” Жарлыгы кабыл алынган. Аталган жарлыкты ишке ашыруу максатында КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринде атайын окутуу өткөрүлдү.

> Министрликтин кызматкерлери үчүн уюштурулган окутууга белгилүү тарыхчы, “Мурас” коомдук-илимий фондунун төрагасы, профессор – Кыяс Молдокасымов чакырылган. Ал Уңгужолдун негизги багыттарына токтолуп, кыргыз эли – жеке өзүнө таандык тарыхый тагдыры бар, миңдеген жылдар бою өз мамлекеттүүлүк салтын жоготпой сактап келген, дүйнөлүк коомчулук тарабынан таанылган, кайталангыс эл экендигин белгиледи.

Уңгужолдун негизги максаты – мамлекеттик, коомдук-саясий, жарандык институттардын ишин бир нукка салуу менен нарктуу, мекенчил, жоопкерчиликтүү жарандарды калыптандырып, кубаттуу мамлекет куруу болуп эсептелет.