> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Прензидент ЕАЭБдин баалуу кагаздарды айлантууну жөнөкөйлөтүү макулдашуусун ратификациялады
- URL: https://im.kg/all/2025/10/21/prienzidient-ieaebdin-baaluu-kaghazdardy-ailantuunu-zhonokoilotuu-makuldashuusun-ratifikatsiialady/
- Published: 2025-10-21T05:12:04.000Z
- Updated: 2025-10-21T05:12:04.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: #Жаңылыктар

**Президент Садыр Жапаров ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөгү уюшулган тооруктарда баалуу кагаздарды трансчекаралык жүгүртүү жана жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо мыйзамына кол койду.** 

Эске салсак, макулдашууга 2025-жылы 31-январда Алматыда кол коюлуп, сентябрда Жогорку Кеңеш аны ратификациялоо мыйзамын кабыл алган. 

Аталган макулдашуунун негизги тапшырмалары:

> · ЕАЭб алкагында эмитенттер менен инвесторлор үчүн бирдей шарт түзүп берүү;

> · Баалуу кагаздарды жүгүртүүдө жана жайгаштырууда административдик барьерлерди азайтуу;

> · ЕАЭБ интеграцияланган финансы рыногун өнүктүрүү;

> · Инвесторлордун укуктарын коргоону камсыз кылуу жана жөнгө салуунун бирдиктүү стандарттарын сактоо.