> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк айрым алмаштыруу бюролоруна карата чара көрдү
- URL: https://im.kg/all/2025/10/22/uluttuk-bank-airym-almashtyruu-biuroloruna-karata-chara-kordu/
- Published: 2025-10-22T06:15:57.000Z
- Updated: 2025-10-22T06:15:57.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: #Жаңылыктар, Экономика

КРнын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы эки алмашуу бюросуна айып пул салынды.

> КРУБ расмий сайтында маалымдалгандай, алардын ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып пул каралды. 

> Мындан сырткары, Бишкек шаарындагы дагы бир акча алмаштыруучу жай «Нурсан про» ЖЧКнын лицензиясынын аракети 2025-жылдын 21-октябрынан тартып 27-октябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду. 

2025-жылдын 17-октябрына карата абал боюнча Кыргыз Республикасында Улуттук банктын лицензиясынын негизинде ишмердүүлүк кылып жаткан 819 акча алмаштыруучу жай бар.