> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Ак илбирсти колдоо үчүн 23 мүнөт» акциясы болду
- URL: https://im.kg/all/2025/10/23/ak-ilbirsti-koldoo-uchun-23-munot-aktsiiasy-boldu/
- Published: 2025-10-23T09:56:27.000Z
- Updated: 2025-10-23T09:56:27.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: #Жаңылыктар, Коом

Бүгүн, 23-октябрда, Ак илбирстин эл аралык күнүнө карата КРнын Президентинин Администрациясынын кызматкерлери «Ак илбирсти колдоо үчүн 23 мүнөт» акциясына катышышты.

Иш-чара Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жана КРнын Президентинин 2023–2027-жылдарга тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелованын катышуусунда өттү.

> Президенттин Администрациясы өлкөнүн бардык жашоочуларын жана Кыргызстандын дүйнө жүзүндөгү досторун тоолорубуздун сакчысынын жана адам менен табияттын ортосундагы гармониянын символунун урматына 23 мүнөттү кыймылга - сейилдөөгө, чуркоого же каалаган башка активдүү аракетке арноого чакырат.