> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек эркин экономикалык аймагы - РФ бизнес өкүлдөрүн кызыктырууда
- URL: https://im.kg/all/2025/10/23/bishkiek-erkin-ekonomikalyk-aimaghy-rf-biznies-okuldorun-kyzyktyruuda/
- Published: 2025-10-23T09:33:44.000Z
- Updated: 2025-10-23T09:33:44.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: #Жаңылыктар, Бизнес

«Деловая Россия» бизнес-ассоциациясынын өкүлдөрүнүн тобу КРна болгон иш сапарынын алкагында «Бишкек» эркин экономикалык аймагында (ЭЭА) болушту.

*Анын жүрүшүндө ассоциациянын аткаруучу директору Жакып Жумаев конокторго Бишкек ЭЭАда түзүлгөн шарттар жана мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берип, ал жерде бизнес жүргүзүү үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөндүгүн ачык көрсөтүп берди*.

 *Өз кезегинде Россия Федерациясынан келген ишкерлер тобунун өкүлү Вадим Юн - IT, өндүрүш, медицина, жеңил өнөр жай, транспорт, логистика тармактарында кызматташууга кызыкдар экенин билдирди. Ошондой эле «СИБЕКО» компаниясынын жетекчиси Дмитрий Камерлохер автоунаа тетиктерин чыгарууга чоң кызыгуу бар экенин белгиледи.*

«Деловая Россия» ассоциациясынын өкүлдөрүнүн айтымында, алар өз ишмердүүлүгүн кеңейтүүгө ниеттенип, мындан аркы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн Россияда изилдөөнү улантышат.