> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Идеал-Фарм" ишканасы бир күндө 24 тонна  дезинфекциялоочу каражат даярдайт
- URL: https://im.kg/all/2025/10/23/idieal-fram-ishkanasy-bir-kundo-24-tonna-diezinfiektsiialoochu-karazhat-daiardait/
- Published: 2025-10-23T07:09:16.000Z
- Updated: 2025-10-23T08:05:11.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: #Жаңылыктар

**“Кара-Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасынын “Идеал-Фарм” филиалы өндүргөн фармацевтикалык продукциялар Россия, Казакстан, Армения жана Беларуска экспорттолуп жатканын жетекчиси Изат Конокбаев “Кабар” маалымат агенттигине билдирген.**

Анын айтымында, филиалда 95 пайыздагы медициналык спирт эритмеси, антисептикалык жана парфюмерия-косметикалык каражаттар өндүрүлөт. 

 “Биздин каражаттар ички рынокко да чыгат. Бирок, суроо-талап азыраак болгондуктан өндүрүлгөн продукциянын 90 пайызы экспортко жөнөтүлөт. Сырьену “Кара-Балта спирт заводунан” алабыз. Завод күнүнө 5 литр көлөмдө 4 миң 800 бөтөлкө антисептикалык каражат чыгат. Эгер литр менен эсептегенде бир күндө 24 тонна дезинфекциялоочу каражат куюлат. Ал эми парюфмерия-косметикалык каражат күнүнө орточо эсеп менен 100 миллиграммдан 80 миң даана бөтөлкө чыгарылат”,- деди ал.

 Акыркы үч айда бул филиал 300 млн сомдон ашык продукцияны экспорттогон. Өндүрүштүн көлөмү өсүп, ошону менен бирге жаңы жумуш орундары түзүлүп, товарды туруктуу жеткирүү жолго коюлган.