> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Виртуалдык активдер тууралуу мыйзамга өзгөртүү жана толуктоолор сунушталат
- URL: https://im.kg/all/2025/10/24/virtualdyk-aktivdier-tuuraluu-myizamgha-ozghortuu-zhana-toluktoolor-sunushtalat/
- Published: 2025-10-24T07:17:24.000Z
- Updated: 2025-10-24T07:17:24.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: #Жаңылыктар, Экономика

Президентке караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологияларды өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш менен Экономика министрлиги биргелешип виртуалдык активдер тууралуу КРнын мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду даярдашты.

 Аталган кеңештин катчылыгынын жетекчиси Фархат Иминовдун айтымында *\- түзөтүүлөр стейблкоин жана ошондой эле токиндерди реалдуу активдер менен камсыздап, юридикалык аныктамасын бекемдөөгө багытталат. Ошондой эле сунушталган өзгөртүүлөр "мамлекеттик криптовалюта резервдери" жана "мамлекеттик майнинг" түшүнүктөрүнө да тиешелүү болмочу.* 

Ачык-айкындуулукту жана натыйжалуулукту жогорулатуу максатында президент жана министрлер кабинети тарабынан аныкталган органдардын ортосунда ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү дагы сунушталууда.