> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Акча алмаштырууну мыйзамсыз жүргүзгөн жактарга чара колдонулду
- URL: https://im.kg/all/2025/10/27/akcha-almashtyruunu-myizamsyz-zhurghuzghon-zhaktargha-chara-koldonuldu/
- Published: 2025-10-27T09:13:38.000Z
- Updated: 2025-10-27T09:13:38.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: #Жаңылыктар, Банктар, Коом

КРнын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы **эки алмашуу бюросуна** айып пул салынды.

> КРУБ расмий сайтында маалымдалгандай, алардын ар бирине **55 000 сом өлчөмүндө айып пул** чегерилген. 

> Мындан сырткары, Улуттук банктан лицензия албастан, Ош шаарынын аймагында нак чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын **24 жаранына** чара колдонулган. 

Маалыматка ылайык, Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан ар бир мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзгөн жыйырма төрт жаранга тең **17 500 сом өлчөмүндө айып пул** салынды.