> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КРнын экономика жана коммерция министринин жаңы орун басары дайындалды
- URL: https://im.kg/all/2025/10/27/krnyn-ekonomika-zhana-kommiertsiia-ministrinin-zhany-orun-basary-daiyndaldy/
- Published: 2025-10-27T11:21:03.000Z
- Updated: 2025-10-27T11:21:03.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: #Жаңылыктар, Экономика

Нурланова Беназир Нурлановна КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А. А. Касымалиев бүгүн кол койду.

> Нурланова Беназир Нурлановна 1995-жылдын 16-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад шаарында туулган. Экономика жана укук тармагында жогорку билимге ээ, ошондой эле КРнын Президентинин Администрациясында жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде иш тажрыйбага ээ болгон.

Класстык чени — мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси. Мамлекеттик башкаруу жана экономика тармагындагы квалификациясын жогорулатуу боюнча бир катар кесиптик өнүгүү программаларынан өткөн.