> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Карыз тууралуу маалымат кызматы ишке кирди
- URL: https://im.kg/all/2025/10/30/karyz-tuuraluu-maalymat-kyzmaty-ishkie-kirdi/
- Published: 2025-10-30T05:55:51.000Z
- Updated: 2025-10-30T06:26:40.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: #Жаңылыктар, Экономика

**«Түндүк» МИсы сот аткаруучулардын тармагы боюнча карыздары тууралуу маалымат кызматын ишке киргизди. Бул тууралуу Электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталында жарыяланды.**

> Маалыматка ылайык, бул кызмат КРнын жарандарына сот аткаруучулардын тармагы боюнча карыз тууралуу маалыматты текшерүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле, сервис чет өлкөгө кетип жаткан жарандарга жана жалпы эле укуктук мамилелерди териштиргендерге өз карыздарын алдын ала текшерүүгө мүмкүндүк түзөт.

Карызды өз убагында төлөбөгөндүгү кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө камоого алынган аткаруу документин мажбурлап аткарууга, сыртка чыгууга чектөө коюуга, бар болгон учурда банк эсептерин жаап салууга, ошондой эле КРнын мыйзамдарында каралган башка жоопкерчиликке алып келет.