> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча эл аралык консультациялар өткөрүлдү
- URL: https://im.kg/all/2025/11/06/kambar-ata-1-gesi-boiuncha-el-aralyk-konsultatsiialar-otkoruldu/
- Published: 2025-11-06T06:24:32.000Z
- Updated: 2025-11-06T06:24:32.000Z
- Author: Ишкер Media

**4-5-ноябрда Стамбулда КРнын Энергетика министрлиги Камбар-Ата-1 ГЭСинин айлана-чөйрөгө жана социалдык тармакка тийгизген таасирин баалоо (АЧСТБ) долбоору боюнча эл аралык консультацияларды өткөрдү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.** 

Кыргызстандын делегациясын министрдин орун басары Алтынбек Рысбеков жетектеди. Ошондой эле табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асель Раимкулова жана тышкы иштер министринин орун басары Темирбек Эркинов катышты.

> Иш-чарага Тажикстан, Өзбекстан жана Казакстандан расмий өкүлдөр менен 50дөн ашык эл аралык жана улуттук эксперттер, жарандык коомдун өкүлдөрү онлайн жана оффлайн форматта катышты. Талкуунун негизги максаты — долбоордун экологиялык жана социалдык таасирлерин, ошондой эле жумшартуу жана алдын алуу чараларын талкуулоо, кызыкдар тараптардан сунуштар жана комментарийлер алуу болду.

Долбоор боюнча материалдар 2025-жылдын августунан тартып расмий сайтта — [kambarata1.org](https://kambarata1.org/) — жеткиликтүү. Алардын ичинде АЧСТБ долбоору, экологиялык жана социалдык башкаруу пландары, жашоо каражаттарын калыбына келтирүү планы, кызыкдар тараптар менен өз ара аракеттенүү планы жана кумулятивдик таасирди баалоо долбоору бар.

> Кыргызстан тарап консультацияларды 2025-жылдын 5-декабрына чейин комментарийлерди кабыл алуу менен улантат. Буга чейин октябрда долбоор аймагындагы беш айылда жана Бишкекте болжол менен 450гө жакын катышуучу менен жергиликтүү жана улуттук консультациялар өткөн.

Энергетика министрлиги Камбар-Ата-1 ГЭСин курууда ачыктык, катышуучулук жана конструктивдүү диалог принциптерин карманууга милдеттенгенин билдирди.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/8d95466a8fc74ea2888f8028ec41d967.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/88ff135dbd7c46dc8865c5f71e6160cd.webp)