> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жаратылышка быйыл 102,85 млн сом зыян келтирилген
- URL: https://im.kg/all/2025/11/11/zharatylyshka-byiyl-102-85-mln-som-zyian-kieltirilghien/
- Published: 2025-11-11T11:48:05.000Z
- Updated: 2025-11-11T11:48:05.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: #Жаңылыктар

**2025-жылдын 9 айында мамлекетке жалпы 102,85 млн сом чыгаша алып келген 3 миң 755 тартип бузуулар катталганын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.** 

Министрликтин маалыматы боюнча чыгымдардын секторлор боюнча структурасы төмөндөгүдөй: 

> ***жер ресурстары —39,58 миллиона сом, 337 факт;***

> ***атмосфералык аба —17,55 миллион сом, 798 факт;***

> ***жаныбарлар дүйнөсү —8,75 миллион сом, 843 факт;***

> ***таштандылар —8,69 миллион сом, 587 факт;***

> ***өнөр жай коопсуздугу —8,01 миллион сом, 422 факт;***

> ***өсүмдүктөр дүйнөсү —5,64 миллион сом, 214 факт;***

> ***тоо көзмөлү —5,95 миллион сом, 234 факт;***

> ***суу ресурстары —4,49 миллион сом, 193 факт;*** 

> ***жер астын коргоо —4,19 миллион сом, 127 факт.*** 

 3 миң 33 материал боюнча 72,77 миллиона сом өндүрүлгөн. 

2024-жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу тартип бузуулар 2 миң 15 учурга, чыгым 49,19 млн сомго көп болгон.