> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Венгрия Кыргызстанга 300 мегаваттык күн электр станциясын курат
- URL: https://im.kg/all/2025/11/21/vienghriia-kyrghyzstangha-300-mieghavattyk-kun-eliektr-stantsiiasyn-kurat/
- Published: 2025-11-21T14:37:19.000Z
- Updated: 2025-11-21T14:37:18.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: #Жаңылыктар, Энергетика

**Венгриялык компания Кыргызстанда күн электр станциясын курары Будапештте өтүп жаткан кыргыз-венгер бизнес-форумунда белгилүү болгонун “Кабар” маалымат агенттиги жазды.** 

Форумдун жүрүшүндө КР президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Венгриянын Electron Holding компаниясынын ортосунда кызматташтык тууралуу меморандум түзүлдү. 

> Документте Кыргызстандын аймагында кубаттуулугу 300 МВтка чейинки күн электр станцияларын куруу каралган. Инвестициянын жалпы суммасы 300 млн доллардан ашат. 

Аталган форум президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик тарабынан уюштурулган.