> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өлкө казынасына оюн бизнесинен 10 айда 383,4 млн сом түшкөн
- URL: https://im.kg/all/2025/11/28/olko-kazynasyna-oiun-bizniesinien-10-aida-383-4-mln-som-tushkon/
- Published: 2025-11-28T05:17:45.000Z
- Updated: 2025-11-28T05:17:45.000Z
- Author: Ишкер Media

**Кыргызстан бюджетине 10 айда оюн бизнесинен 383,4 млн сом түшкөнү тууралуу маалымат Финансы министрлигинин отчетунда жарыяланды.** 

Отчетто белгиленгендей, бул былтыркы жылдын 10 айына салыштырмалуу 64,8%га көп. 2024-жылы оюн бизнесинен мамлекеттик казынага 232,6 млн сом которулган. 

Мамлекеттиин азарттык оюндар тармагынан түшкөн кирешеси 150,7 млн сомго көбөйүп, анын ичинен 95% салыкты казинолор төлөгөн. Анын ичинде онлайн-казино 6,5 млн сом которгон жана өткөн жылы ушул мезгилде алар болгону 30,5 миң сом төлөшкөн. 

---

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) *жана* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!*