> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЖККУ аймагында 2025-жылы 8 тонна баңгизат кармалган
- URL: https://im.kg/all/2025/11/28/zhkku-aimaghynda-2025-zhyly-8-tonna-banghizat-karmalghan/
- Published: 2025-11-28T03:39:22.000Z
- Updated: 2025-11-28T03:39:22.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: #Жаңылыктар

ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов ЖККУ катышуучуларынын – өлкө башчыларынын саммитинен кийин өткөн пресс-конференцияда уюмдун ишинин жыйынтыгы боюнча айтып берди. Ал ЖККУнун 3 жылдык ишиндеги маанилүү жетишкендиктерди бөлүп көрсөттү. 

Жамааттык күчтөрдүн жеке курамынын саны 1,8 эсеге өсүп, 30 миң адамга жеткен жана авиациялык топ күчтөнгөн. 

> 2025-жылы антинаркотикалык “Канал” операциясынын жүрүшүндө 8 тонна баңгизат алынса, “Нелегал” операциясы 2024-жылы 130 миң миграциялык мыйзам бузууларга бөгөт койгон.