> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өлкөнүн бардык аймактарында азык-түлүк жарманкелери өтүп жатат
- URL: https://im.kg/all/2025/11/29/olkonun-bardyk-aimaktarynda-azyk-tuluk-zharmankielieri-otup-zhatat/
- Published: 2025-11-29T09:52:58.000Z
- Updated: 2025-11-29T11:41:16.000Z
- Author: Ишкер Media

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин демилгеси менен республиканын бардык аймактарында азык-түлүк жарманкелери уюштурулууда. Мындай жарманкелер 2026-жылдын июнь айына чейин уланмакчы. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

> *Билдирүүгө караганда, ар бир районго жарманке өткөрүүгө атайын график боюнча аптанын күндөрү бөлүнгөн. Бүгүн Бишкек шаарынын эски аянтында өткөрүлүп жатат. Жарманкеде азык-түлүктөр базардагыдан арзан баада сатылууда. Учурда республика боюнча негизги азык-түлүк продукциялары боюнча эч кандай тартыштык жок, азык түлүк кору жетиштүү.*

Жарманке ички рынокту туруктуу камсыздоону улантуу жана жарандарга сапаттуу азыктарды жеткиликтүү баада сунуштоо максатында уюштурулууда.