> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Кызыл" жана "жашыл" китептердин ордуна кадастрдык план киргизилет
- URL: https://im.kg/all/2025/12/03/kyzyl-zhana-zhashyl-kitieptierdin-orduna-kadastrdyk-plan-kirghiziliet/
- Published: 2025-12-03T06:58:51.000Z
- Updated: 2025-12-03T06:58:51.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: #Жаңылыктар, Кыймылсыз мүлк

**Кыргызстанда “кызыл” жана “жашыл” китептер жоюлуп, алардын ордуна бирдиктүү кадастрдык план киргизилет. Бул чечим Жер кодексинин жаңы редакциясына ылайык кабыл алынганын жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Жакшылык Токтосунов маалымат жыйында билдирди.**

> Анын айтымында, эми “кызыл” жана “жашыл” китептер берилбейт. Эски китептер күчүндө калат, бирок жер тилкеси башка бирөөгө өткөндө жараксыз болуп, жаңы ээси үчүн кадастрдык план дайындалат. 

> Кадастрдык план документтерди бириктирип, кайталанууларды жок кылат жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтат. 

> Ошондой эле ал жасалма документтерди чыгаруу мүмкүнчүлүктөрүн төмөндөтөт, бүтүмдөрдү жана башка жол-жоболорду жөнөкөйлөштүрөт.

“Кызыл” жана “жашыл” китептер мурда болгону кагаз түрүндө болсо, эми жаңы кадастрдык план санарип форматта да жеткиликтүү болот. Ал электрондук кызматтар порталы аркылуу берилет жана анда кадастрдык планды онлайн көрүп, текшерүүгө мүмкүн болот.