> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Тобокелдиги бар товарлардын тизмеси жаңыланды
- URL: https://im.kg/all/2025/12/03/tobokieldighi-bar-tovarlardyn-tizmiesi-zhanylandy/
- Published: 2025-12-03T14:13:41.000Z
- Updated: 2025-12-03T14:13:40.000Z
- Author: Ишкер Media

**Мамлекеттик салык кызматы тобокелдик белгилери бар кошумча нарк салыгы боюнча салык базасы белгиленген товарлардын тизмегине өзгөртүүлөрдү киргизгенин "Кабар" маалымат агенттиги жазды.** 

Товарлардын позициялары Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоочу субъекттердин кайрылууларынын негизинде кайра каралып жана жаңыланды.

Киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизги бөлүгү социалдык маанилүү товарларга тиешелүү жана импорттук операциялардын ачык-айкындуулугун жогорулатууга, ошондой эле ички рынокто баалардын туруктуулугун камсыздоого багытталган.

> Мисалы, ТЭИ ТН 703101900 коду менен "Пияз" үчүн товарларды импорттоонун салык салынуучу наркы мурда 30,20 сом болсо, өзгөртүүлөрдөн кийин 10,41 сомду түзөт.

Белгилей кетсек, Товарлардын тизмеги менен Салык кызматынын [**sti.gov.kg**](http://sti.gov.kg/?fbclid=IwZXh0bgNhZW0CMTAAYnJpZBExVzNWcjdlY0doSFJlS1BmSHNydGMGYXBwX2lkEDIyMjAzOTE3ODgyMDA4OTIAAR4QHdzNIZvs0u9hC%5FYae9OIgUMhP4D7wY6tSwblwF6ggkH3EG91A8x-Rlq3aw%5Faem%5FgPki6LSc8s9ctpMn9J2aNg) сайтындагы "Билим базасы" – "Евразия экономикалык бирлиги" бөлүмүнөн таанышууга болот.