> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Илон Маск Евробиримдикти жоюуну талап кылды
- URL: https://im.kg/all/2025/12/07/ilon-mask-ievrobirimdikti-zhoiuunu-talap-kyldy/
- Published: 2025-12-07T04:27:19.000Z
- Updated: 2025-12-07T04:27:18.000Z
- Author: Ишкер Media

Миллиардер Илон Маск өзүнүн социалдык баракчасында Евробиримдик тууралуу нааразычылыгын билдирип, аны жоюуну талап кылды. 

Ишкердин пикиринде, бул уюм ага мүчө мамлекеттерге өз элдеринин кызыкчылыгын туура "көрсөтүүгө" бөгөт коёт. Буга чейин ал ЕБни сынга алып, бюрократия "Европаны муунтуп жатат" деп жазганын "Известия" басылмасы кабарлады.

Кызыгы, жакында эле Маскка таандык социалдык тармакты Еврокомиссия "ачыктык нормаларын бузду" деп айыптап, 120 миллион евро төлөөгө милдеттендирген.

Буга жооп катары ишкер Еврокомиссия "өмүрдөн да цензураны көбүрөөк жакшы көрөт" деген пост жарыялады.