> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда 8,9,10-декабрда аба ырайы кескин сууктайт
- URL: https://im.kg/all/2025/12/07/kyrghyzstanda-8-9-10-diekabrda-aba-yraiy-kieskin-suuktait/
- Published: 2025-12-07T03:26:03.000Z
- Updated: 2025-12-07T03:26:03.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: #Жаңылыктар

**Кыргызгидромет өлкө аймагында 8, 9 жана 10-декабрь күндөрү аба ырайы кескин түрдө начарлай турганын эскертти. Маалыматка ылайык, бул күндөрү мезгил-мезгили менен кар жаайт. Айрым жерлерде кар коп жаашы мүмкүн. Кээ бир аймактарда туман түшөт.**

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым райондордо секундасына 15–20 метрге, Ысык-Көлдүн акваториясында 19–24 метрге чейин жетет. Жолдордо тайгак болот. Тоолуу аймактарда кар көчкү жана борошо жаралышы мүмкүн.

Аба температурасы кескин төмөндөйт:

- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн −12…−17°, күндүз −4…−9° суук;
- Талас өрөөнүндө түнкүсүн −12…−17°, күндүз −4…−9° суук;
- Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн −4…−9°, күндүз −4…+1°;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн −12…−17°, күндүз −5…−10°;
- Нарын облусунда (айдоо зонасында) түнкүсүн −18…−23°, күндүз −6…−11°;
- Республиканын тоо этектеринде түнкүсүн −14…−19°, күндүз −5…−10°;
- Тоолуу райондордо түнкүсүн −17…−22°, күндүз −7…−12°;
- Суусамыр өрөөнүндө жана бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн −28…−33°, күндүз −10…−15°.