> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Сары-Талаа - Кызыл-Таш - Зардалы жолу пайдаланууга берилет
- URL: https://im.kg/all/2025/12/07/sary-talaa-kyzyl-tash-zardaly-zholu-paidalanuugha-bieriliet/
- Published: 2025-12-07T06:28:08.000Z
- Updated: 2025-12-07T06:28:08.000Z
- Author: Ишкер Media

**Кыргызстандагы климаты катаал, тоо арасында жайгашкан Зардалы айылына барчу Сары-Талаа - Кызыл-Таш - Зардалы жолу жакынкы күндөрү пайдаланууга берилерин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.**

Маалыматта айтылгандай, 17,5 чакырымды түзгөн жолдо кеңейтүү жана тегиздөө иштери аяктап, жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет. Мындан тышкары, узундугу 30 метр болгон темир көпүрөнүн 95%ы да бүткөн.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров былтыр Зардалы айылына барып, эл менен жолугушууда келерки жылы кыштакка барчу жолду салуу башталарын, электр энергиясы менен камсыз кылуу, чакан ГЭС салуу иштери жүргүзөлөрүн билдирген.