> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектеги жеке турак үйлөр бир жылда 27,2% га кымбаттады
- URL: https://im.kg/all/2025/12/10/bishkiektieghi-zhiekie-turak-uilor-bir-zhylda-27-2-gha-kymbattady/
- Published: 2025-12-10T12:57:55.000Z
- Updated: 2025-12-10T12:57:54.000Z
- Author: Ишкер Media

**Министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин отчетуна жасалган анализге ылайык, Бишкек шаарындагы жеке турак үйлөрдүн баасы бир жыл ичинде 27,2% га өскөн.**

> Агенттиктин маалыматы боюнча, 2025-жылдын ноябрында борбордогу турак үйлөрдүн бир чарчы метринин орточо баасы 176 131 сомду (2 015 доллар) түздү. Былтыр ноябрда бир чарчы метр 138 379 сом (1 612 доллар) болгон.

Ал эми коммерциялык жайларда бир чарчы метрдин баасы орточо 94 818 сомду (1 084 доллар) түзүүдө. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ноябрына салыштырмалуу 33 967 сомго төмөндөгөн.

Белгилей кетсек, жеке турак үйлөр — бул жалпы кабаттары кабаттары жер үстүндө же жер астында болобу, үчтөн ашпаган турак жай катары пайдаланылган имараттар.