> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Экспорттук чектөөлөрдүн жардамы менен көмүрдүн баасы түшүрүлдү
- URL: https://im.kg/all/2025/12/12/kyzmattyk-eksporttuk-chiektoolordun-zhardamy-mienien-komurdun-baasy-tushuruldu/
- Published: 2025-12-12T08:00:04.000Z
- Updated: 2025-12-12T08:00:28.000Z
- Author: Ишкер Media

**Өлкөнүн түштүгүндө ажиотаждуу суроо-талап мезгилинде өндүрүлгөн көмүрдүн 80%ы экспортко жөнөтүлүп, ички базарда баалар тоннасы 12–13 миң сомго чейин өскөн. Кээде 22 миң сомго жеткендигин радио аркылуу "Кыргыз Көмүр" ААКтын директорунун орун басары Рустамбек Садыралиев билдирди.**

Бул жагдайдан улам көмүрдүн экспортуна убактылуу тыюу салынды. Өкмөт таш көмүр жана күрөң көмүрдү чет өлкөгө чыгаруусуна 6 айлык чектөө киргизди.

> "Бааны төмөндөтүү максатында эл колдонгон чоң фракциядагы көмүрдүн экспортуна убактылуу чектөө киргиздик. Бул чаралардын натыйжасында көмүрдүн баасы 13 000 сомдон 8 000 сомго чейин, ал эми 22 000 сомдук көмүр 14 000 сомго чейин түшүрүлдү", — деп билдирди Садыралиев.

Ал ошондой эле учурда ички базарда өндүрүүчүлөрдүн ортосунда жогорку атаандаштык байкалганын, сунуш көбөйүп, суроо-талап анчалык жогору эместигин белгиледи. Бул дагы бааларды төмөндөтүүгө жардам берди.

Экспорт боюнча ал убактылуу чектөөлөр экенин баса белгиледи: "Убакыт келгенде бул маселени өзүнчө карайбыз", — деп жыйынтыктады Садыралиев.