> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Казакстан Кыргызстанга мунай  жеткирүүнү көбөйтүп, Өзбекстанга транзитти жандантат
- URL: https://im.kg/all/2025/12/15/kazakstan-kyrghyzstangha-munai-zhietkiruunu-koboitup-ozbiekstangha-tranzitti-zhandantat/
- Published: 2025-12-15T14:25:15.000Z
- Updated: 2025-12-15T14:25:15.000Z
- Author: Ишкер Media

**"КазТрансОйл" акционердик коомунун маалыматына ылайык, Казакстан декабрь айында Кыргызстанга нефть жеткирүүнү көбөйтүп, ошондой эле Өзбекстанга нефть транзитин кайра жандандырат.**

Маалыматка ылайык, Казакстан 2025-жылдын ноябрь айында Кыргызстанга нефть жеткирүүнү кайра баштаган. Буга чейин мындай жеткирүүлөр акыркы жолу 2017-жылы жүргүзүлгөн.

> "2025-жылдын аягына чейин “КазТрансОйл” Кыргызстанга 30 миң тоннага чейин нефть жөнөтөт. Ал эми Өзбекстанга нефть транзити ушул жылдын декабрь айына пландалып, көлөмү 35 миң тоннага чейин болот. Эки багыт боюнча нефть жеткирүүнүн жалпы көлөмү 65 миң тоннага чейин жетет, анын ичинен 55 миң тоннага чейинкиси ушул айга туура келет", — деп билдирди компания.

Нефть бардык багыттар боюнча магистралдык мунай куурларынын системасы аркылуу ташылат. Андан соң "КазТрансОйлдун" Шагыр нефть куюу пунктунда нефть темир жол цистерналарына куюлат.