> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Быйыл Бишкектеги турак үйлөр 35,7%га кымбаттаган
- URL: https://im.kg/all/2025/12/17/byiyl-bishkiektieghi-turak-uilor-35-7-gha-kymbattaghan/
- Published: 2025-12-17T10:32:04.000Z
- Updated: 2025-12-17T10:32:04.000Z
- Author: Ишкер Media

**Кыргызстанда кыймылсыз мүлк рыногунда баалар өсүп, ал эми келишимдердин саны азайганы байкалганын Бишкек шаарында өткөн маалымат жыйынында "Эл аралык куруучулар ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесинин жетекчиси Кайнарбек Кулуев билдирди.**

Анын айтымында, 2025-жылы Бишкек шаарында:

- турак үйлөрдүн баасы **35,7%га**,
- батирлердин баасы **17,5%га** жогорулаган.

Ал эми Ош шаарында:

- турак үйлөр **25,8%га**,
- батирлер **22,8%га** кымбаттаган.

"Кыймылсыз мүлккө баанын өсүшү жана келишимдердин санынын кыскарышы турак жайдын жеткиликтүүлүгү төмөндөп, калктын реалдуу сатып алуу мүмкүнчүлүгү азайып жатканын көрсөтөт", — деди Кулуев.

Кулуевдин пикиринде, мындай кырдаалдын негизги себептери болуп:

- жер тилкелеринин тартыштыгы,
- курулуш материалдарынын баасынын өсүшү,
- мамлекет тарабынан куруучуларга берилген жеңилдиктердин (преференциялардын) жоктугу саналат.