> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2025-жылы инфляциянын ылдамдашына эмне себеп болду?
- URL: https://im.kg/all/2025/12/21/2025-zhyly-infliatsiianyn-yldamdashyna-emnie-siebiep-boldu/
- Published: 2025-12-21T06:40:31.000Z
- Updated: 2025-12-21T06:44:15.000Z
- Author: Ишкер Media

**Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, 2024–2025-жылдары инфляциянын тездешине кошумча ички жана тышкы факторлор таасир эткен.**

> ***Биринчиден, калктын кирешелеринин өсүшү олуттуу роль ойногон.*** 

2024-жылдын жыйынтыгында номиналдык эмгек акы 14,1%га, реалдуу эмгек акы 8,6%га өскөн. 2025-жылдын январь–ноябрь айларында өсүү уланган, тагыраагы, номиналдык эмгек акы 19,2%га, реалдуу эмгек акы 10,4%га көбөйдү.

> **Кошумча суроо-талапты чет өлкөдөн келген акча которуулар да түздү.** 

2025-жылдын январь–ноябрь айларында жеке адамдардын трансчегаралык акча которууларынын таза агымы 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 22,9%га өскөн. Бул процесстер керектөөнү кеңейтип, ички бааларга басымды күчөтүп, суроо-талап инфляциясын күчөттү.

Ички рыноктун азык-түлүк товарларына, анын ичинде ун, өсүмдүк майы жана жармаларга импортко көз карандылыгы сакталып калууда. Бул жагдай бааларды тышкы рыноктогу шарттарга жараша тез өзгөргүдөй кылат.

> ***Өзүнчө фактор катары логистиканын жана импорттун кымбатташы белгиленди.***

 Казакстанда темир жол ташууларына тарифтердин алгач 16%га, андан кийин дагы 35%га жогорулашы транспорттук чыгымдарды көбөйтүп, өндүрүш чыгымдары аркылуу инфляцияны күчөттү.

> ***Баалардын динамикасына кредиттик активдүүлүк да таасир берди.*** 

2025-жылдын январь–ноябрь айларында насыялоонун көлөмү 52%га өсүп, керектөө насыялары дээрлик эки эсеге көбөйгөн. Бул ички суроо-талапты колдоп, товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларынын өсүшүнө шарт түздү.

> ***Соодалык өнөктөш өлкөлөрдөгү инфляциянын сакталып турушу тышкы басымды улантып жатат***. 

Анткени республика керектөө товарларынын олуттуу бөлүгүн ошол өлкөлөрдөн импорттойт. 2025-жылдын январь–ноябрь айларынын жыйынтыгы боюнча Казакстанда баалар 11,4%га, Россияда 5,3%га, Беларусияда 6,5%га, Арменияда 2,0%га өскөн. Мындай динамика тышкы инфляциялык таасирлерди күчөтүп, ички рынокто баалардын төмөндөө мүмкүнчүлүгүн чектеп жатат.