> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# МинКаб баалуу кагаздар рыногундагы профессионал катышуучулар үчүн жаңы жобону бекитти
- URL: https://im.kg/all/2025/12/22/minkab-baaluu-kaghazdar-rynoghundaghy-profiessional-katyshuuchular-uchun-zhany-zhobonu-biekitti/
- Published: 2025-12-22T08:07:25.000Z
- Updated: 2025-12-22T08:07:25.000Z
- Author: Ишкер Media

**МинКаб баалуу кагаздар рыногундагы профессионал катышуучулар үчүн өз каражаттарынын жеткиликтүүлүгүнүн нормативдик көрсөткүчтөрү тууралуу жаңы жобону бекитти.** 

Документ 2025-жылдын 8-декабрындагы №787 токтом менен кабыл алынган жана рынок катышуучуларынын финансылык туруктуулугун жана атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. 

Ошондой эле профессионал катышуучулардын уставдык капиталына этап-этабы менен минималдык талаптар белгиленди:

**Инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу:**

- 2027-жылдын 1-январына чейин — кеминде 10 млн сом;
- 2028-жылдын 1-январына чейин — кеминде 15 млн сом.

**Дилердик ишмердүүлүк:**

- 2027-жылдын 1-январына чейин — кеминде 3 млн сом;
- 2028-жылдын 1-январына чейин — кеминде 5 млн сом.

**Баалуу кагаз ээлеринин реестрин жүргүзүү:**

- 2027-жылдын 1-январына чейин — кеминде 4 млн сом;
- 2028-жылдын 1-январына чейин — кеминде 6 млн сом.

**Инвестициялык фонддордун ишмердүүлүгү:**

- 2027-жылдын 1-январына чейин — кеминде 2 млн сом;
- 2028-жылдын 1-январына чейин — кеминде 3 млн сом.

Бул токтом менен ошондой мурдагы — Өз каражаттарынын жеткиликтүүлүгүнүн нормативдик көрсөткүчтөрү жөнүндө (2011–2014-жылдардагы редакциялары) жобо жана ага байланыштуу бир катар өзгөртүүлөр күчүн жоготкон деп таанылды. Ага 2023-жылдын 13-январындагы №9 Кабмин токтомунун пункту да кирет.