> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# “Дивиденд” кредиттик союзунун лицензиясы жокко чыгарылды
- URL: https://im.kg/all/2025/12/25/dividiend-kriedittik-soiuzunun-litsienziiasy-zhokko-chygharyldy/
- Published: 2025-12-25T11:25:45.000Z
- Updated: 2025-12-25T11:27:39.000Z
- Author: Ишкер Media

**Катышуучулардын 2025-жылдын 17-декабрында болуп өткөн кезексиз жалпы жыйынында өз ыктыяры менен жоюлуу чечими кабыл алынгандыгына байланыштуу, «Дивиденд» Кредиттик союзу» Финансы кооперативинин лицензиясы 2025-жылдын 23-декабрынан тартып жокко чыгарылды.** 

> Бул тууралуу КРнын Улуттук банкынан маалымдашты. Билдирүүгө караганда, аталган кооператив Баткен областынын Лейлек районундагы Раззаков шаарында орун алган.

2025-жылдын 23-декабрына карата абал боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын реестринде мындан сырткары 71 кредиттик союз бар.