> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# К.Ташиев угуусу начар балдардын жатак-мектебине 1 млн сомдук колдоо көрсөттү
- URL: https://im.kg/all/2025/12/26/k-tashiiev-ughuusu-nachar-baldardyn-zhatak-miektiebinie-1-mln-somduk-koldoo-korsottu/
- Published: 2025-12-26T09:36:04.000Z
- Updated: 2025-12-26T09:36:03.000Z
- Author: Ишкер Media

**Жаңы жылды утурлай Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкек шаарындагы угуусу начар жана кеч укпай калган балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү жатак-мектепке барды.** 

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Камчыбек Ташиев окуу жайдын жаңыдан оңдоп-түзөөдөн өткөн актовый жана спорт залдары менен таанышып, балдардын билим алуусу жана өнүгүүсү үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле ал жатак-мектептин кызматкерлерин жана окуучуларын келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттуктап, чың ден соолук, ийгилик жана бакубат жашоо каалады.

> Иш-чаранын жүрүшүндө УКМК жетекчилигинин жана кызматкерлеринин атынан жаңы жылдык белектер жана 1 миллион сом өлчөмүндө каржылык колдоо көрсөтүлдү. Мындан тышкары, окуучулар конокторго майрамдык концерттик программа тартуулашты.

Адистештирилген жатак-мектептин жетекчилиги Камчыбек Ташиевге жана УКМКнын жалпы жамаатынакөрсөткөн камкордугу жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/12/2-9.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/12/3-7.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/12/5-2.webp)