> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына жаңы тез жардам унаалары сатылып алынат
- URL: https://im.kg/all/2025/12/28/ysyk-kol-oblustuk-birikkien-oorukanasyna-zhany-tiez-zhardam-unaalary-satylyp-alynat/
- Published: 2025-12-28T06:59:47.000Z
- Updated: 2025-12-28T06:59:46.000Z
- Author: Ишкер Media

**Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасында тез жардам унаалары жетишсиз жана эскилиги жеткендигине байланыштуу аталган ооруканага жаңы тез жардам унаалары сатылып алынат.**

Бул тууралуу УКМК төрагасы К.Ташиев Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарында маалымдады.

> Билдирүүгө караганда, К.Ташиевдин демилгеси жана Президент С.Жапаровдун колдоосу менен Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына 5 тез жардам унаасын сатып алуу боюнча КРнын Турукташтыруу фондунун эсебинен **43 млн 800миң сом** акча каражаты бөлүнүп берилген.

Андыктан, аталган каражатка заманбап үлгүдөгү, көп функционалдуу тез жардам унааларын, облустун жетекчилигине кыска аралыкта сатып алуу тапшырмасы берилди.