> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ак-Талаадагы ишкана суткасына 800 кг сафлор майын өндүрүп жатат
- URL: https://im.kg/all/2025/12/30/ak-talaadaghy-ishkana-sutkasyna-800-kgh-saflor-maiyn-ondurup-zhatat/
- Published: 2025-12-30T06:12:28.000Z
- Updated: 2025-12-30T06:12:27.000Z
- Author: Ишкер Media

**Нарын облусунун Ак-Талаа районунда сафлор майын өндүрүү багытында маанилүү кадам ташталды. БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (ВВП ООН) долбоорунун каржылоосу менен Түркия Республикасынан заманбап өндүрүштүк жабдуулар алынып келинип, ишканага орнотулду. Учурда өндүрүш линиясы туруктуу иштеп жатат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.**

Жаңы өндүрүштүк линия суткасына 800 килограммга чейин сафлор майын чыгара алат. Бул көрсөткүч буга чейин күнүнө 50 литр гана май чыгарып келген ишкананын өндүрүшүн олуттуу жогорулатууга шарт түздү. 2023-жылдын күз айларынан тартып ишкана өткөн жылы 5 тонна, ал эми быйылкы жылы 10 тоннадан ашык сафлор уругун кайра иштетти.

> Учурда сафлор майынын бир литри 200 сомдон сатылууда. Жаңы өндүрүш линиясы аймактагы дыйкандар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, жергиликтүү продукцияны кайра иштетүү аркылуу кошумча нарк жаратат.

Ак-Талаа районунда сафлор майын өндүрүүнүн өнүгүшү аймактын социалдык-экономикалык абалына оң таасир берип, жергиликтүү калкты жумуш орундары менен камсыздоого өбөлгө түзөт.