> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Салыктык текшерүүлөргө жасалма интеллект киргизилеби?
- URL: https://im.kg/all/2025/12/30/salyktyk-tiekshieruulorgho-zhasalma-intielliekt-kirghiziliebi/
- Published: 2025-12-30T12:47:11.000Z
- Updated: 2025-12-30T12:47:10.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: #Жаңылыктар, Кызыктуу

**Кыргызстанда 2026-жылдан тартып салыктык текшерүүлөргө жасалма интеллект (ЖИ) киргизилерин "Салык Сервис" мамлекеттик мекемесинен билдиришти.**

Маалыматка ылайык, акыркы төрт жылдын ичинде мекеме салык отчетторунун бардык түрлөрүн санариптештирип, cabinet.salyk.kg платформасы жана Salyk мобилдик тиркемеси аркылуу аралыктан төлөө мүмкүнчүлүгүн ишке киргизген.

> 2025-жылы иштеп чыгуучулар системага "Кезет" аттуу аналитикалык жасалма интеллект инструментин интеграциялашкан. Ал маалыматтарды иштетүүнүн тактыгын жогорулаткан. Ал эми 2026-жылы ЖИни колдонуу кеңейтилет — технология түздөн-түз салыктык текшерүүлөрдүн процессине киргизилет. Бул инспекторлордун ишин автоматташтырууга жана текшерүүлөрдү ачык-айкын жүргүзүүгө шарт түзөт.

Дүйнөлүк банктын маалыматына ылайык, 2025-жылы Кыргызстанда салык төлөө процесси аймактагы эң ыкчам болуп саналган.

2012–2023-жылдары салыктарды эсептөө процесси төлөөнүн өзүнө караганда жети эсе көп убакытты талап кылчу. Учурда бул айырма толугу менен жоюлду.

Мекеменин директору Шамшыбек Качкынбай уулу билдиргендей, "Салык Сервистин" негизги максаты — Салык кызматына кезекке турууну жана жеке барууларды жоюу болгон. Азыр жарандар декларация тапшырууда убакытты да, каражатты да үнөмдөп жатышат.