> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Кыргызстандын 500 компаниясынын рейтинги" журналы чыкты
- URL: https://im.kg/all/2026/01/05/kyrghyzstandyn-500-kompaniiasynyn-rieitinghi-zhurnaly-chykty/
- Published: 2026-01-05T03:58:50.000Z
- Updated: 2026-01-05T03:58:49.000Z
- Author: Ишкер Media

**"Кыргызстандын 500 компаниясынын рейтинги" журналы 29-декабрда типографиядан чыгып келгенин Tazabek агенттиги жазды**

Бул басылмада алгачкы жолу төмөнкү маалыматтар сунушталып жатат:

• 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгы боюнча баланстык кирешеси боюнча 500 компаниянын рейтинги, ошондой эле 2024–2023-жылдар үчүн ретроспективдүү маалыматтар;

• 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгы боюнча кирешесине жараша 500 компаниянын рейтинги жана 2024–2023-жылдар үчүн жылдык ретроспективдүү маалыматтар;

• 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгы боюнча кызматкерлеринин санына жараша 500 компаниянын рейтинги, ошондой эле 2024–2023-жылдар үчүн ретроспективдүү маалыматтар;

• 2025-жылдын он айынын жыйынтыгы боюнча кирешеси боюнча лидер болгон компаниялардын арасынан эң ири 500 салык төлөөчү.