> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Москвада акыркы 56 жылдан бери эң көп кар жаады
- URL: https://im.kg/all/2026/01/11/moskvada-akyrky-56-zhyldan-bieri-en-kop-kar-zhaady/
- Published: 2026-01-11T07:49:24.000Z
- Updated: 2026-01-11T07:49:24.000Z
- Author: Ишкер Media

**Москва шаарында акыркы 56 жылдагы кардын эң көп жаашы катталды. Россиянын борборунда бир сутканын ичинде айлык жаан-чачын нормасынын 42%ы түшкөнүн "Фобос" аба ырайы борборунун адиси Евгений Тишковец билдирди.**

Шаарда кар катмарынын бийиктиги 39 сантиметрге жетти. Жааган кар 1976-жылдагы рекордду жаңылады— ал учурда Москвада 12,9 миллиметр жаан-чачын катталган.

"…Москвада кыштын ортосунда мындай кардуу апаат акыркы 56 жылдан бери болгон эмес", — деп белгиледи адис.