> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда 12-18-январда жаан, кар жаап, Нарында  -30 градуска чейин суук болот
- URL: https://im.kg/all/2026/01/12/kyrghyzstanda-12-18-ianvarda-zhaan-kar-zhaap-narynda-30-ghraduska-chieiin-suuk-bolot/
- Published: 2026-01-12T08:44:23.000Z
- Updated: 2026-01-12T08:44:23.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: #Жаңылыктар, Коом

**ӨКМге караштуу гидрометеорологиялык кызматы ЖМКларга 12–18-январь күндөрү республиканын көпчүлүк аймактарында кар, айрым жерлерде жаан-чачын жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болорун билдирди.**

Маалыматта Чүй облусунда 12-январда күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн экени айтылат. 13-январда түнкүсүн айрым жерлерде жаан, кар жаайт. 13-январь күндүз жана 14-январда жаан-чачын болбойт. 16–17-январларда көпчүлүк аймактарда кар жаайт.

Бишкек шаарында 12-январда түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт, экинчи жарымында жаан жаашы мүмкүн. 13–15-январларда жаан-чачын болбойт. 16–17-январларда мезгил-мезгили менен кар жаайт.

Талас облусунда 12-январда күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. 16-январда көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 12–15-январларда негизинен жаан-чачын күтүлбөйт. 16–17-январларда көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаайт.

Ысык-Көл облусунда 13-январда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаайт. 16–17-январларда көпчүлүк аймактарда кар күтүлөт.

Нарын облусунда 12–15-январларда жаан-чачын болбойт. 16–17-январларда көпчүлүк аймактарда кар жаап, -30 градуска чейин суук болушу күтүлөт.