> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Былтыр Бишкек шаарында турак жай баасы 26,8%га өскөн
- URL: https://im.kg/all/2026/01/15/byltyr-bishkiek-shaarynda-turak-zhai-baasy-26-8-gha-oskon/
- Published: 2026-01-15T03:45:10.000Z
- Updated: 2026-01-15T03:45:09.000Z
- Author: Ишкер Media

**2025-жылы өлкөнүн борбор калаасында турак жайдын баасы 26,8%га өскөнүн Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.**

Маалыматка ылайык, Бишкек жана Ош шаарларында кыймылсыз мүлк рыногунда батирлердин жана жеке турак үйлөрдүн орточо баалары жогорулаган.

> Ведомствонун маалыматы боюнча, баалардын эң жогорку өсүшү жеке типтеги батирлерде — 21,7% болгон. Ошондой эле 105-сериядагы батирлер – 18,9 %га, 308-серия – 17,7%га жана 104-серия – 17,4%га кымбаттаган.

Ош шаарында 104-сериядагы батирлердин баасы 26,9%га, 105-серия — 24,4%га, ал эми жеке батирлер 11,6%га кымбаттаган.

Ал эми Бишкек шаарында турак үйлөрдүн чарчы метринин орточо баасы да 26,8%га жогорулаган. Эң чоң өсүш Свердлов районунда катталып, ал 37,11%ды түздү. Ош шаарында турак үйлөрдүн баасы 37,04%га өстү.

Кыймылсыз мүлктүн баасынын өсүшү инфляциянын деңгээлинен да жогору болду. 2025-жылы инфляциянын орточо жылдык көрсөткүчү 9,2%ды түзгөн.

Буга чейин Эл аралык куруучулар ассоциациясынын өкүлү Кайнарбек Кулуев 2025-жылы Кыргызстанда турак үйлөрдүн баасы орто эсеп менен 36%га кымбаттаганын айткан. Анын айтымында, Бишкекте үйлөрдүн баасы 26%га, ал эми батирлердики 18,5%га өскөн. Ошол эле учурда турак жайды сатып алуу-сатуу келишимдеринин саны 9,1%га азайган, бирок рыноктун акчалай көлөмү өскөн эмес.