> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруунун убактысы узартылды
- URL: https://im.kg/all/2026/01/19/aidoochuluk-kuboluktordu-akysyz-almashtyruunun-ubaktysy-uzartyldy/
- Published: 2026-01-19T07:42:00.000Z
- Updated: 2026-01-19T07:41:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: #Жаңылыктар, Транспорт

**Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруунун убактысы узартылганын Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун директорунун орун басары Толубай Жакишов ОшТВга берген маегинде билдирди.**

Анын айтымында, мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөр алмаштырылышы керек.

> "Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу боюнча алгач 15-январдан 15-февралга чейин деп чек коюлган, азыр бул чек алынып салынды. Айдоочуларга кайрыла кетейин, шашпай эле келгиле, убакыт көп. Азыр күбөлүктөр "Учкун" ишканасында чыгарылат. Баарына жетет", - деди ал.

Белгилей кетсек, буга чейин Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун бөлүмдөрүндө айдоочулук күбөлүктөрүн алмаштырууну каалагандардын узун кезеги жаралып, айрымдардын нааразычылыгын жараткан.